БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Токтогул суу сактагычынын жээгине чыгып калган маркумдардын сөөгү чогултулуп, жалпы 22 мүшөк менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүндөгү Кара-Тектир айылындагы мүрзөгө көмүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Токтогул районунун акиминин орун басары Нурболот Кожобергенов билдирди.
"Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылынын аймагынан сөөктөр менен кошо эски идиштер, кумуралар чыкты. Жаңы-Жол айыл аймагындагы Кара-Суу айылынын тушунан адам сөөктөрү көбүрөөк чыкты. Кан чыгарып куран окулуп, кепинге оролуп жерге берилди", — деди Кожобергенов.
Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, сөөктөр буга чейин да жээкке чыгып турган. Бирок суу сактагычтагы суу кескин тартылып кеткендиктен жээкке чыккан сөөк көбөйүп кеткен.
Нурболот Кожобергенов 1974-жылы суу сактагычка суу толтурула баштаганда алдында жалпы 24 айыл менен конуш калгандыгын кошумчалады. Жер которууга мажбур болгон тургундар айылдагы мүрзөдөн жакындарынын сөөктөрүн казып кетишкен. Бирок мурунку бейиттердеги ата-бабалардын сөөктөрү калып калган. Суу алдында канча мүрзө калганы боюнча так маалымат жок.