ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду

Казакбаев баяндама жасап жатып министрлерди Шериктештиктин ичинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө жана тоскоолдуксуз жүк ташуу транзитин камсыздоого чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КМШга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
2 / 2
Жыйын Москва шаарында өткөн. Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу менен эл аралык жаштар кызматташуусунун стратегияларын бекитишти
Жыйын Москва шаарында өткөн. Тышкы иштер министрлери 2021-2030-жылдарга карата КМШга мүчө мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташуу, эл аралык жаштар, туризм жаатындагы кызматташуу стратегияларын жүзөгө ашыруу иш-чараларынын пландарын бекитишкен.
Министрлер кол койгон долбоорлор:
Казакбаев баяндама жасап жатып министрлерди Шериктештиктин ичинде жумушчу күчтүн эркин жүрүүсү үчүн шарттарды түзүүгө, авиакаттамдарды калыбына келтирүүгө жана тоскоолдуксуз жүк ташуу транзитин камсыздоого чакырды.
Тышкы иштер министрлер кеңешинин кийинки отуруму 2021-жылдын 14-октябрында Беларуста, Минск шаарында өтөт.