ТИМ кызматкеринин өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги үн катты

Кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дүйнөдөн мезгилсиз кайтып, социалдык тармактарда анын өлүмү коронавируска каршы вакцинадан улам болушу мүмкүн деген маалымат тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакировдун өлүмүнөн кийин социалдык тармактарда тараган маалыматтардан улам Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги расмий билдирүү таратты.
Ага ылайык, маркумдун сөөгүн карап чыгуу учурунда ийин жагынан эмдөө учурунда сайылчу ийненин изи табылган эмес.
"Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин табышкан жок. Акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле министрлик маркумдун аты эмделгендердин тизмесинен табылбаганын кошумчалады.
"Планга ылайык, вакцинаны алгачкы этапта медиктер, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алышы керек. Дипломатиялык түзүмдөрдүн кызматкерлери бул топко кирбейт", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Мындан тышкары, министрлик жалган маалымат таратуу менен алектенгендер мыйзам алдында жооп берип каларын эскертти.
COVID-19дан эмделгендер жана эмделчүлөр билиши керек. Түйшөлткөн 9 суроого жооп
Эске сала кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дагы маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин айткан.
Белгилей кетсек, 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын SinoРharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкысы болуп түз эфирде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмделген.