ТИМ кызматкери коронавируска каршы вакцина алган соң көз жумганбы? Расмий жооп

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoРfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина сайдыргандан кийин көз жумду деген маалымат иликтенип жатат. Ал азырынча эмделгендердин тизмесинде жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Эске сала кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген.
Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан.
Бул маалыматты Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова тастыктаган жок.
"Эмдөө алгандардын электрондук базасында Шакировдун аты-жөнү жок. Муну дагы иликтеп жатабыз, кайрадан санап чыгабыз. Учурда дарыгерлер менен мугалимдер эмделип жатат. "Башкалар" деген графа бар, ага бир жакка кете турчулар киргизилет. Бирок аларга биздин борбордун уруксаты менен вакцина сайылат, биз уруксат берген эмеспиз", — деди Ишенапысова.
Министр Бейшеналиев: вакцинанын кесепети болсо жоопкерчиликти өзүм алам
Эске салсак, 29-мартта Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын SinoРharm вакцинасы менен эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Эң алгачкысы болуп түз эфирде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзү эмделген.
Жалпысынан препараттын 150 миң дозасы алынган, ал 75 миң кишиге жетет. Биринчи кезекте ал Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы медиктерге, социалдык кызматкерлерге жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө сайылмакчы.