Радио

Карачалов: такси айдоочуларынын укуктары корголбой жатат

Куруучулар жана курулуш өнөр жай профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов такси фирмаларын лицензиялоо зарылдыгы бышып жетилгенин маалымдады.
Sputnik
Таксисттер жумушчу эмес ишкер болуп, укуктары корголбой жатат. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, абалды калыпка келтирүү үчүн 16-мартта Куруучулар жана курулуш өнөр жайы профсоюзунун алдында такси айдоочуларынын профсоюзу түзүлгөн.
"Такси айдоочуларынын кайрылуусу менен атайын профсоюз түзүлдү. Анын чече турган эң биринчи маселеси — такси айдоочуларынын укугун камсыздоо. Бизде таксисттер жумушчу эмес, ишкер катары эсептелүүдө. Чынында алар жумушчу болушу зарыл. Себеби андай учурда алардын эмгек укугун коргоого жол ачылат. Мисалы, жумушчу сегиз саат иштейт, ал эми таксисттер 20 саатка чейин иштеген учурлар кездешет. Андан тышкары, эмгек өргүүсүнө чыгып же ооруп калса, ал учурдагы акчасы төлөнөт. Ошондой эле пенсияга чыгуу маселеси дагы иретке келтирилет. Профсоюз мына ушул багытта мыйзам сунуштап, бул чөйрө юридикалык жактан иретке келтирилиши керек", — деди Карачалов.
Ошондой эле ал алдыда бардык таксисттерди лицензиялоо демилгесин көтөрүү дагы мерчемделип жатканын кошумчалады.