Радио

Дүйшөнкулова: гиповитаминоз абанын булганышы менен байланыштуу

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Марина Дүйшөнкулова организмдеги витаминдин жетишпестиги абанын булганышы менен түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.
Sputnik
Адамдар күндүн нурун толук кандуу ала албаса гиповитаминозго дуушар болот. Ал эми күн нуру аркылуу D витаминин алууга болот. Мындай малыматты Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, күндүн нурунун тийишине каптаган түтүн тоскоол болуп, көп зыян келтирүүдө.
"Абанын булганышы организмдеги витаминдин жетишпестигине түздөн-түз таасир тийгизет. Өзгөчө кышында Бишкекти каптаган түтүн ден соолуктун бузду. Мисалы, ыш күндүн нурун тосуп калды. Белгилүү болгондой, күн нурунан D витаминин алабыз. Натыйжада организмдеги гиповитаминоздун жаралышын шарттап жатат. Мындан сырткары, өлкөнүн жайгашкан аймагы дагы абдан таасир тийгизет. Алсак, мөмө-жемиштердеги витаминдердин сапаты ар бир жерде ар башка болушу мүмкүн", — деди Дүйшөнкулова.
Ошондой эле адис ар бир адам ден соолукка кам көрүшү үчүн спорт менен үзгүлтүксүз машыгып, туура тамактанышы керектигин кошумчалады.