БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы Ысык-Ата районундагы "Кант цемент заводу" ишканасынын аймагында өлүм катталбаганын, окуя башка жерде болгонун тактады.
Эске сала кетсек, эртең менен аталган жердеги ишканада 51 жаштагы киши чайыр эритүүчү челекке түшүп кетип көз жумганы тууралуу маалымат берилген.
ӨКМ кырсык ошол эле Ысык-Ата районундагы "Кант асфальт-бетон" заводунда болгонун тактады. Эркек киши 15 куб метр битум турган челекке түшүп кеткен.
Куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп бергени айтылды.