Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду

Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, бала үйдө жалгыз болгон. Кырсыктаган бөбөктүн абалы туруктуу экени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте жаш баланын көп батирлүү үйдүн үчүнчү кабатынан кулап кеткен окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 2-апрелде, эртең мененки саат 10:42де көп батирлүү үйдүн терезесинен жаш бала кулап кеткени тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Бишкекте лифтинин шахтасына түшүп кеткен кызды аман алып чыгышты
Бөбөккө медициналык жардам көрсөтүлүп, №3 клиникалык балдар ооруканасына жаткырылды. Милициянын маалыматына ылайык, кырсык болгон маалда ал батирде жалгыз болгон.
Дарыгерлердин айтымында, кырсыкка кабылган баланын эч жери сынган эмес. Учурда текшерүүдөн өтүп жатат. Абалы туруктуу экени айтылды. Медициналык тез жардам борбору буга чейин баланын баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 150-беренеси ("Коркунучта калтыруу") боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.