Казакбаев Лавров менен жолугуп, аба каттам, вакцина тууралуу сүйлөштү

Тараптар эки өлкөнүн президенттери ортосунда болгон макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаган. Ошондой эле Россияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү тууралуу да пикир алмашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер Москва шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында кезиккен.
ТИМ башчысы КМШдагы кесиптештери менен маанилүү документтерге кол койду
Тараптар эки өлкөнүн президенттери ортосунда болгон макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулаган. Ошондой эле Россияда чыгарылган COVID-19га каршы вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү, эки өлкөнүн ортосундагы темир жол байланыштарын калыбына келтирүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү тууралуу пикир алышкан.
Мындан сырткары, алар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүн уюштуруу, эки мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун линиясы жөнүндө сүйлөшкөн.
Тараптар Кыргыз-Россия мамилесин мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча иш алып барууга даяр экендигин билдиришкен.