БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору коронавируска каршы вакцинаны жаңылоо механизмин иштеп чыкты. Бул тууралуу мекеменин директору Александр Гинцбург РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Бул аденовирустук вектордун негизиндеги технология менен жасалып жаткан аракет. Анда спайк-белоктун алгачкы түзүмү өзгөртүлүп, кийинки суткаларда жаңы түзүм синтезделет. Андан соң колдонулган векторго жайгаштырылат дагы, жөнөкөй тил менен айтканда модернизацияланган вакцина пайда болот", — деди Гинцбург.
Анын айтымында, бул учурда жаңы вакцинаны сыноонун бардык фазаларынан өткөрүүгө канчалык зарылдык бар деген маселе талкууланып жатат. Ошондой эле адис дүйнөлүк практикада мындай учурда препаратты 100 кишиге чейинки чакан топко гана сынаган мисалдар бар экенин эске салды.
"Эгер жаңы штаммдардан коргой турган касиети бар болсо, массалык түрдө өндүрүшкө чыгара берсе болот. Жакында бизде буга мүмкүнчүлүк пайда болот деп үмүттөнөм", — деди окумуштуу.
"Спутник V" — коронавируска каршы иштелип чыккан дүйнөдөгү биринчи вакцина. Аны Гамалея атындагы Эпидемиологиялык жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары ойлоп тапкан.
"ЭпиВакКорона" — COVID-19га каршы Россияда катталган экинчи препарат. Ал Новосибирскидеги "Вектор" борборунда түзүлгөн.
Үчүнчү вакцина — "КовиВакты" Россиянын Илимдер академиясынын иммундук-биологиялык дары-дармектерди изилдөө жана иштеп чыгуу менен алектенген Чумаков атындагы илимий борбор жасап чыккан.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.