Боом капчыгайы 5-9-апрель аралыгында күн сайын алты саатка жабылат

"Кыргыз темир жолунун" берген маалыматына караганда, бул күндөрү Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери белгиленген убакытта жолду толугу менен жабышат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. 5-9-апрель аралыгында Боом капчыгайында таш кулатуу иштери аткарыла тургандыктан темир жол менен автоунаа жолу алты саатка жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы 117-118-чакырымдары жана темир жолдун 3885-3886-чакырымдары эртең мененки саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.
Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү маршрут тандоо сунушталды.