Ардагерлер турнирине катышкан командалардын арасында 80 жаштан өткөн аксакалдар бар. Бул тууралуу Жеңишбек Кызалаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан турнирге 15 команда катышары күтүлүүдө.
"Ардагерлер арасында лига бар, ал алгачкы жолу 2019-жылы өткөн. 2020-жылы эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу өтпөй калган. Быйыл аталган турнир экинчи жолу өтүп, анын биринчи туру волейбол жаатында эмгектенип жүрүп бир жыл мурун кайтыш болгон Кытайбек Калчабаевге арналууда. Ал эми экинчи туру август айында, үчүнчү туру октябрда өтөт деп мерчемдеп жатабыз. Турнирге Таластан, Ысык-Көлдөн экиден, Баткенден, Оштон бирден команда жана Бишкек шаарында түптөлгөн командалар катышат. Арасында 65, 68, 77, 80, ал тургай 84 жаштагы аксакалдар бар. Бул турнирдин негизги максаты — жаштарга үлгү болуу, аталган спортту пропагандалоо", — деди Кызалаков.
Ошондой эле ал аталган турнир бардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтө турганын кошумчалады.