Эмнеге Кошмо Штаттарга тышкы саясаты Россиядан улам көп энергетикалык ресурс сатып алууну көбөйтүүсүнө тоскоол этпейт. Ушул туурасында ой жүгүрткөн Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Импорт көлөмү көбөйтүлгөн
Былтыр АКШга россиялык мунай жана мунай өндүрүмдөрүнүн импорттолушу 3,5 пайызга өсүп, тогуз жылдык максимумга жеткенин маалымдашкан АКШнын Энергетика министрлигинин энергетикалык маалымат башкармалыгынан. Россия Сауд Аравияны да бул багытта сүрүп чыгарып, мунай менен жабдуучулар арасында экинчи орунга чыккан. Эске салсак, аталган өлкө рыноктогу тең салмактуулукту калыптандыруу үчүн экспортту кескин кыскарткан.
2020-жылы америкалыктар Россиядан суткасына орточо — 538 миң, ал эми Сауд Аравиясынан 522 миң баррель алган.
Ири сатып алуучулар — Valero жана Exxon. Бул компаниялар 55 жана 50 миллион баррель алышкан. Бул эки ишканага россиялык импорттун дээрлик жарымы туура келет.
Ала турган эч жер жок
Мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдор Венесуэладан алчу сырьедон айрылган соң Россияга кайрылышкан. Бул – 2019-жылы Petroleos de Venezuela S. A. ишканасына санкция койгон Дональд Трамптын "аракетинин жыйынтыгы". Сырье менен жабдуу чыйыры ошентип үзүлгөн. Мексика булуңундагы жана Чыгыш жээктеги заводдор, анын ичинде Citgo Petroleum, Valero Energy, Chevron оор абалда калган. Америкалыктар Россиядан негизинен чийки мунайды эмес, бензин өндүрүшү үчүн мазутту сатып алышат.
"Венесуэлалык мунайдан ажырап, көнүп калган ОПЕК жабдуучуларында сырьенун кымбатташы менен бет келишкен АКШ россиялык мазуттун негизги керектөөчүсүнө айланды", — дейт Оксфорд институтунун энергетикалык изилдөөлөр боюнча илимий кызматкери Ади Имсирович.
Жагдайды ОПЕКтин мунай казууну кыскартышы ого бетер ырбаткан. Сауд Аравиясынын мунай менен жабдуусу азыр 1985-жылдан берки минимумда. Россиядан алган мазут гана америкалык мунайды кайра иштетүүчү заводдорго ишин улантууга мүмкүндүк бергенин айтышат талдоочулар.
Cланецтик каатчылык
Пандемиянын айынан сланецтик тармактын кыйрашы да буга таасир этпей койбоду. АКШда суткасына 13 миллион баррель алышчу, эми бул көлөм 11 миллионго түштү.
Энерготашуучуларга суроо-талап кыйрады, мунай баалары төмөндөдү. Газ жана бургулоочу орнотмолор улам кыскартылып отуруп, компаниялар ишин токтоткон. Жүз элүү чакты сланецтик өндүрүшчү банкрот болду. Биринчи кезекте булар – ковидге чейин эле көйгөйлөргө тушуккан компаниялар. Алар инвестициянын таптакыр жетишсиздигинен улам карызга баткан.
Кирешеси жок, долбоорлордун көпчүлүгү өтө чыгашалуу деген ойго келген Уолл-стриттин 2018-жылдан бери сланецчилерден көңүлү сууп калган. Эл аралык энергетикалык агенттиктин баамында 2020-жылы инвестициялар эки эседен ашуун — 45 миллиард долларга дейре төмөндөгөн.
АКШнын Энергетика министрлигинин энергетикалык маалымат башкармалыгы мартта сланецтик мунайды казуу суткасына 7,5 миллион баррелге төмөндөй турганын болжонгон. Ушундай эле динамика мунай алуучу жети өлкөнүн алтоосунда, атап айтканда Анадарко, Баккен, Найобрара, Игл-Форд, Берман, Гейнсвилл, Аппалачи формацияларында байкалат.
Fitch агенттигинин божомолу боюнча, сланецтик тармак каатчылыкка чейинки көрсөткүчкө дагы эки-үч жыл кайтпайт көрүнөт. Өндүрүшчүлөр мунай казууну көбөйтүү менен алектенбестен, чыгымдарды азайтып, инвестицияларды кайтаруу далалатында.
Ыңгайсыз абал
Ошентип АКШ кыйла ыңгайсыз абалда калды: россиялык мунайдан көз карандылыктын күч алышы мамлекеттин энергетикалык багытына толук каршы келерин белгилейт Bloomberg агенттиги.
Бир жагынан Вашингтон болгон күчү менен өз газын сатуу үчүн Европаны "Түндүк агым – 2" долбоорунан баш тартууга мажбурлоодо. Экинчи тараптан амеркалык мунайды кайра иштетүүчү заводдор Россиядан мурда эч болуп көрбөгөндөй көп көлөмдө сырье сатып алууда.
"Техас штатындагы Бэйтаундагы мунайды кайра иштетүүчү заводго караштуу мунай танкерлери да Хьюстон кеме жүрүүчү каналдын акваториясындагылардын көпчүлүгүндөй эле көрүнөт. Бирок алардын сыйымдуу трюмдарында өзгөчө жүк – россиялык мунай катылган, - деп белгилейт агенттик. – Россия АКШны негизги мунай менен жабдуучуга айланып баратышына Кремлдин рыноктук кыраакылыгы, ийгилиги жана Вашингтондун саясатын өз пайдасына буруу жөндөмү жол ачкан".
"Болбосо Трамп АКШ энергетикалык күчтүү державага айланганын, өлкө эч качан бул багытта "касташкан" чет өлкөлүк жабдуучулардан көз каранды болбостугуна мактанып келген, — деп тамашага чалат Хьюстондогу Райс университетинин Бейкер институтунун мунай боюнча талдоочусу Марк Финли.
Вашингтондо түзүлгөн кырдаал туурасында эч кимдин үндөбөгөнү кызык. Анткен менен импорттун тынбай өсүп жатышы бир кезде Дональд Трамп кайталап келген энергетикалык көз карандысыздык жөнүндөгү формуласы ишке ашпаганын айгинелейт.