Коронавирусу жок эле. Нарындын Ак-Кудугунда окуучулар онлайн окууга өтүштү

Айылдагы мектеп 1971-жылы 100 балага ылайыкташып салынган. 2017-жылы авариялык абалда деп табылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы Кожоке Омор уулу атындагы орто мектептин окуучулары онлайн форматта окуй башташты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуу жайдын директору Гүлзат Чолурова билдирген.
1 / 6
Нарын районунун Ак-Кудук айылындагы Кожоке Омор уулу атындагы орто мектептин окуучулары онлайн форматта окуй башташты
2 / 6
Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуу жайдын директору Гүлзат Чолурова билдирген
3 / 6
Анын айтымында, буга коронавирус инфекциясы себеп болгон эмес
4 / 6
Белгилей кетсек, аталган мектеп 1971-жылы 100 балага ылайыкташып курулган
5 / 6
2017-жылы ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, бирок болбой эле окуу улантылып келген
6 / 6
Имараттын жедеп эскилиги жетип, бир капталы 20 градуска ооп калгандыктан мектеп жамааты устун менен тиреп койгон
Анын айтымында, буга коронавирус инфекциясы себеп болгон эмес.
"Жаздын келиши менен кар эрип, мектептин түптөрү суу болуп жарыла баштады. Ата-энелер балдарынын өмүрү үчүн кооптонуп, окуучуларды боз үйлөргө окутуу демилгесин көтөрүшкөн. Бирок күндүн сууктугуна, бир жагынан оорунун басаңдай электигине байланыштуу балдарын окутуудан баш тартышты. Ага ылайык, облус жетекчилерине билдирүү жиберип, окуучулар 1-апрелден тарта онлайн форматта окууга өтүштү", — деди директор.
Белгилей кетсек, аталган мектеп 1971-жылы 100 балага ылайыкташып курулган. 2017-жылы ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, бирок болбой эле окуу улантылып келген. Имараттын жедеп эскилиги жетип, бир капталы 20 градуска ооп калгандыктан мектеп жамааты устун менен тиреп койгон.
Ак-Ордо жаңы конушуна 196 млн. сомго мектеп салынышы күтүлүүдө
2018-жылы жаңы мектептин курулушуна тендер жарыяланып, андан "Тунук-курулуш" ЖЧКсы утуп чыккан. Келишимге ылайык, аталган компания 150 орундуу билим уясын 58 миллион 500 миң сомго бүткөрүп бермек. Бирок каражат толук бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу пайдубалы түптөлгөн боюнча токтоп калган.
Эски имаратта үстүбүздөгү жылдын март айына чейин 160тан ашуун окуучу эки сменде билим алып келгени маалым.