Тарбаңдап, улам жакындап. Жаалданган осьминогдун чочуткан видеосу

Австралиядагы Дансборо шаарынын аймагындагы суудагы осьминогдон жабыркаган киши адамды чочуткан видео жарыяланды.
Sputnik
Daily Mail басылмасы жабыркаган киши 34 жаштагы мурдагы куткаруучу Ланс Карлсон аттуу адам экендигин жазды. Алгач эки жашар кызын ээрчиткен Карлсон Географ булуңунан агрессиялуу осьминогду байкап, бирок маани бербей кетип калган. Бир нече убакыттан кийин булуңга сууга түшкөнү барып, ракушкалардын үстүндө түйдөктөлүп жаткан суу жаныбарын байкаган.
Осьминог капыстан кол салганын ал "бирөө колго чаап жибергендей болду" деп сүрөттөп, бир аздан кийин моюн тарабы ачышып чыккандан соң дароо жээкти көздөй жөнөгөн.
"Кургакка чыккандан кийин денем кызарып кеткендигин байкадым", — деп айтып берген ал. Аялы ошол замат Coca Cola менен сүртүп жибергенин жана ачышканы басылып калганын кошумчалаган.