Жалал-Абад менен Намангандын жетекчилери жолугуп, кызматташууну талкуулады

Жолугушуудагы маалыматтарга таянсак, өткөн жылы Наманган облусу Кыргызстанга 102 миллион долларлык товар экспорттогон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Наманган облусуна барып, дубан жетекчиси Шавкатжон Абдуразаков менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул туурасында Жалал-Абад облустук администрациясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 4
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган делегация Наманган облусуна барып, дубан жетекчиси Шавкатжон Абдуразаков менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады
2 / 4
Жолугушуу Наманган облусунун башчысы Шавкатжон Абдуразаков, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, аксакалдар жана облустагы кыргыз маданий борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта өткөн
3 / 4
Жолугушуудагы маалыматтарга таянсак, өткөн жылы Наманган облусу Кыргызстанга 102 миллион долларлык товар экспорттоп, бул жалпы көрсөткүчтүн 25 пайызын түзгөн
4 / 4
Сыргабаев бул жолугушуу эки тараптын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөргөнүн белгилеген.
Жолугушуу Наманган облусунун башчысы Шавкатжон Абдуразаков, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, аксакалдар жана облустагы кыргыз маданий борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңири форматта өткөн.
"Жалал-Абад жана Наманган облустарынын ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү, өлкө башчыларынын жолугушуусунан кийин кабыл алынган Жол картасында көрсөтүлгөн соода-экономикалык, маданият, туризм жаатынагы эки элдин карым-катнашын бекемдөө жана чек ара бекеттерин ачуу маселелери талкууланды", — деп айтылган маалыматта.
Жолугушуудагы маалыматтарга таянсак, өткөн жылы Наманган облусу Кыргызстанга 102 миллион долларлык товар экспорттоп, бул жалпы көрсөткүчтүн 25 пайызын түзгөн.
Сыргабаев бул жолугушуу эки тараптын кызматташтыгы жаңы баскычка көтөргөнүн белгилеген.