БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 3-9-апрель күндөрү Казань шаарында өтө турган Россиянын ачык чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2019-жылдын июль айында Түштүк Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында брасс түрүнөн сүзүүдө 100 метр аралыкты бир мүнөт 0,94 секундада багындырып, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан. Петрашов кыргызстандык спортчулардан алгачкы болуп Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.