БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте COVID-19 жуктуруп алгандарды кабыл алган ооруканаларда 141 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Маалымат 1-апрель саат 8:00гө карата алынган:
Өткөн суткада өлкөдө 164 кишиден коронавирус табылып, 88 бейтап айыккан. Тилекке каршы, бир адам оорудан каза болгон.