Лувр музейи экспонаттардын онлайн-коллекциясын түздү. Кантип көрсө болот

Өткөн жылы пандемиянын башталышында Лувр жабылып, музейдин жетекчилиги онлайн форматты ишке киргизүүнү тездеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Франциянын дүйнөгө таанымал тарыхый Лувр музейи 482 миң маданий буюм кирген онлайн-экспозиция түздү. Бул тууралуу "Лайфхакер" жазды.
Улуу элдин учун улай... Эскини эске салган интерактивдүү музейден 14 сүрөт
Музейдин сайтынан белгилүү эмгектерди жана чыгармаларды акысыз көрүүгө болот. Ал үчүн интерактивдүү картадагы издөө бөлүмү дагы бар.
Өткөн жылы пандемиянын башталышында Лувр жабылып калгандан кийин музейдин жетекчилиги онлайн форматты ишке ашырууну тездеткен. Учурда имараттын өзүндө пландуу оңдоп-түзөө жүрүп жатат.