БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бергенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев кытай өкмөтүнүн COVID-19 менен күрөшүүдө өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле коңшу мамлекеттер ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним артканы айтылды.