Радио

Шайхидинов: Кыргызстанда сумо менен 300дөн ашык адам машыгат

Сумо күрөшү ассоциациясынын башкы катчысы Адил Шайхидинов сумо күрөшү менен өлкөдө 300дөн ашык адам машыгып, республикалык, эл аралык мелдештерге катышып келерин билдирди.
Sputnik
Өлкөдө сумонун күйөрмандарынын себебин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына катталганы менен түшүндүрсөк болот. Мындай маалыматты Адил Шайхидинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда кабарлады.
Анын айтымында, сумого эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдодон спортчулар келип, чеберчиликтерин сынап, машыккандар да бар.
"Азыркы учурда сумо күрөшү менен Бишкекте 300дөй адам машыгат деп эсептеп жүрөбүз. Кызыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, аймактарда да алектенгендер бар. Анткени мелдештерди кызыктуу өткөрүп, байге фондун да жакшыртып келебиз. Сумону өнүктүрүү боюнча башка спорттун өкүлдөрү менен да кызматташабыз. Күйөрмандардын көбөйүшүн сумонун Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына катталганы менен байланыштырсак болот. Улуу көчмөндөр күрөшүнө алп балбандар катышып, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, жакшы маанай тартуулаган. Мындан тышкары, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдодон спортчулар келип машыгышат", — деди Шайхидинов.
Ошондой эле катчы кыргызстандык сумочулар арасында өлкө биринчилигин жеңген спортчу сентябрда Польшада өтө турган дүйнө чемпионатына барарын кошумчалады.