Көбөйүп жатат. Өткөн суткада коронавирус 164 адамдан табылды

Учурда стационарда 504 бейтап медициналык жардам алууда. Андан сырткары, 688 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5 177 ПЦР-тест жасалган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бир суткада коронавирус 164 адамдан табылып, 88 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Ош, Талас жана Баткен облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган эмес. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 88 538 киши коронавирус менен ооруган. Анын ичинен дартты 84 897 бейтап жеңген.
Өткөн суткада Бишкекте бир адам каза тапкан. Аны кошкондо өлкөдө өлүм учурларынын саны 1 500гө жетти.
Айыккандар:
Учурда стационарда 504 бейтап медициналык жардам алууда. Андан сырткары, 688 киши амбулатордук шартта дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5177 ПЦР-тест жасалган.