Калың кар түшкөндүктөн бир нече ашуу бардык автоунаалар үчүн жабылды

Кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу жол жакшы көрүнбөй автотранспорттордун кыймылы жайлап калган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашуулары унаалардын бардык түрү үчүн жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу Ала-Белде жол жакшы көрүнбөй автотранспорттордун кыймылы жайлап калган.
"Автоунаа тыгынын алдын алуу максатында аталган ашуулар автоууналардын бардык түрү үчүн убактылуу жабылды. Чектөө Арал, Сосновка, Кара-Көл постторуна киргизилди. Учурда кызматкерлер жолду тазалап жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды жолдо сак болууга чакырды.