Эпидемиолог быйыл COVID пандемиясынын аягына чыгар-чыкпасын айтты

Окумуштуу азырынча дүйнөдө коронавирус менен ооругандар көбөйүп, Европада илдет азайбай жаткандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. COVID пандемиясы 2021-жылы дүйнө боюнча бүтпөйт, бирок коронавирус сезондук мүнөзгө ээ болгондуктан жайында кадыресе азайышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Роспотребнадзордун Эпидемиология боюнча борбордук илим-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча кеңешчиси, академик Виктор Малеевдин айтканына таянып жазды.
Окумуштуу азырынча дүйнөдө коронавирус менен ооругандар көбөйүп, Европада илдет азайбай жаткандыгын айтты. Ал эми тестирлөө аз болгон Африка жана Азия мамлекеттериндеги абал түшүнүксүз бойдон калууда деп кошумчалаган.
"Дүйнөдөгү абал кандайча өнүгүп жатканына көз салып турушубуз керек. Себеби ал биздин өлкөгө да таасирин тийгизиши мүмкүн. Негизи эле коронавирус бизге биринчи ирет Европадан келген эмеспи", — деген Малеев.
Эксперттин айтымына караганда, коронавирус пандемиясы калктын 70 пайызынын иммунитети пайда болуп калган аймактарда гана акырындап азая баштайт. Бирок муну менен кошо эле СOVID-19 мутация болуп кеткен учурда вакцина андан коргой алабы деген суроону берип, ага көз салып туруу керектигин кошумчалаган.