БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн, 1-апрелде, түшкө маал Бишкекте кар аралаш бороон-чапкын болду. Улуган шамал жаап жаткан карды сапырып укмуштуудай көрүнүштү жаратууда.
Терезеден сыртты караганда жаз эмей эле жаңы жыл астындагы декабрь айын элестетет.
Анткен менен синоптиктер 3-апрелден тарта кайра күн жылый турганын болжоп жатышат.