Бишкектеги "Адинай" паркында жарандарга бекер медициналык кызмат көрсөтүлөт

Акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын көлөмүн текшерип, кан басымын өлчөтө алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Адинай" паркында 3-апрель күнү Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Иш-чара саат 10:30да башталат.
Дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында акциянын коноктору ВИЧке экспресс-тест тапшырып, кандагы канттын көлөмүн текшерип, кан басымын өлчөтө алышат. Ошондой эле тамеки таштоо, туура тамактануу, менталдык ден соолук, биринчи жардам көрсөтүү жаатында кеңештер берилет.
"Акциянын катышуучулуры үчүн ден соолукту жакшыртуучу жана көңүл ачуучу программалар даярдалган. Иш-чара веложүрүш менен аяктайт", — дешти министрликтен.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катышуучулар бет кап кийип, бир метр аралыкты сактап, антисептикти колдонушу керек.
Дүйнөлүк ден соолук күнү 7-апрелде белгиленип келет.