Бишкектиктер аба ырайынан улам жарык өчүп калса кайда кайрыла алат? Номерлер

"Түндүк электрден" билдиришкендей, катаал аба ырайына байланыштуу атайын бригадалар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте аба ырайынан улам авариялык өчүрүүлөр болуп жатат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Бороон улуп, кар уруп... Жазгы Бишкектин кышка айланган видеосу
Электр жабдыктарындагы мүчүлүштүктөрдү калыбына келтирүү үчүн "Түндүк электр" ишканасынын 105 ыкчам бригадасы иштеп жатат. Алардын 19у Бишкекте. Адистер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Жарык боюнча маселе жаралса тынымсыз иштеген 1209 колл-борборуна же (0772) 00-12-09, (0702) 00-12-09, (0556) 00-12-09 номерлерине чалсаңыздар болот.