Нан 11 сом. Өкмөт үч супермаркет менен азык-түлүктү арзан сатууга макулдашты

Бааны жөнгө салган органдын сунушу менен супермаркеттерге суткасына 24 саат бою иштөөгө мүмкүнчүлүк берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдөгү азык-түлүк саткан үч дүкөн менен арзандатуу тууралуу келишим түздү.
Аталган органдын сунушу менен өкмөт супермаркеттер үчүн чектөөнү алып, суткасына 24 саат бою иштешине мүмкүнчүлүк берген.
Макулдашуулар төмөндөгүдөй болду:
Ошондой эле Монополияга каршы агенттиги жума сайын жарманкелер өтүп жатканын эскертти.
Күчкө салуу менен чечилбейт. Өкмөттүн бааны чектөө саясатынын күнгөй-тескейи
Мындан сырткары, бул органга күтүүсүз текшерүү укугун берүү жана монополияга каршы мыйзамды бузгандарга карата жазаны күчөтүү демилгесин сунуштап жатат.
Тагыраак айтканда, өз ара сүйлөшүп алып бааны жогорулатуу жана ордунда кармап туруу сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн Россия, Беларусь, Казакстан жана Арменияда колдонулгандай товар жүгүртүүнүн 15 пайызын алуу боюнча айып пул киргизүү демилгеленүүдө.
Аны менен катар кандай учурда кандай рынокту жөнгө салуу маселесин иретке келтирүүчү мыйзам долбоору да иштелип жатканы айтылат.