Сайдулла Нышанов "Ата Мекендин" лидери, Шайлообек Атазов орун басары болду

Буга чейин фракцияны Айсулуу Мамашова жетектеп келген. Нышанов анын лидерликке шайланышы легитимсиз болгонун айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп Сайдулла Нышанов шайланды. Маалыматты Sputnik Кыргызстандын кабарчысына депутат өзү тастыктады.
1 / 2
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп Сайдулла Нышанов шайланды.
2 / 2
Ошондой эле ал лидердин орун басары болуп жакында эле мандат алган Шайлообек Атазов бекитилгенин билдирди. 
Шайлообек Атазов менен Бурун Аманова Жогорку Кеңешке депутат болуп келет
Буга чейин "Ата Мекен" фракциясын Айсулуу Мамашова жетектеп келген. Нышанов анын лидерликке шайланышы легитимсиз болуп калганын, тагыраак айтканда, фракция мүчөлөрү шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн убакта, кворум жоктугуна карабай бекитилгенин айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен чыгып кеткен.