Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү экени эскертилди

Былтыр тапшырууга жетишпей калгандар 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн, 31-мартта, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Бул күнү кызматкерлер декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышмакчы.
Эске салсак, салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
Салык декларациясын кантип толтуруу керек. Видеоинструкция
Ал эми 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны берүүгө милдеттүү экени белгиленди.