Эртең Нарында мамлекеттик бала бакчалар ачылат

Аймактагы балдар бакчалары толук бир жыл мурда COVID-19 илдетинен улам карантинге жабылып, азыркыга чейин иштей элек болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эртең, 1-апрелден тарта, Нарын шаарында мамлекеттик бала бакчалар толук кандуу ачылып, мектепке чейинки билим-тарбия берүү башталат. Бул тууралуу шаардык эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясы чечим чыгарганын мэриядан кабарлашты.
Буга чейин бала бакчаларда азык-түлүк запасы, жылуулук абалы жана коргонуу каражаттары менен камсыздоо иштери жүргүзүлгөн.
"Бала бакчаларда санитардык ченемдерди камсыздоо шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына жана бакча жетекчилерине милдеттендирилген", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бала бакчалар бир жыл мурда COVID-19 илдетинен улам карантинге жабылып, азыркыга чейин иштей элек болчу.