Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын мигранттардын эсебинен сатып алууну көздөөдө

Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапары учурунда РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр болуп, өлкө жардам иретинде 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын бермей болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Россияда иштеп жүргөн мигранттар менен ишкерлердин эсебинен сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде айтты.
"Мен Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен эки ирет кезиктим, сүйлөшүүлөр уланууда. Президент Садыр Жапаров дагы Владимир Путин менен жолуккан учурда вакцина тууралуу сөз болгон. Бирок учурда көп өлкөлөр "Спутник V" вакцинасынын эффективдүүлүгүн көрүп, суроо-талап көбөйүп жатат. Биз кезекке турдук. Апрель айынын соңунда же май, июнь айларында алып калышыбыз мүмкүн", — деди ал.
Министрлик коронавируска каршы канча киши эмделгенин айтты
Ошол эле учурда министр Россияда жүргөн мигранттар менен ишкерлер бул вакцинаны сатып алууга жардам берүү ниетин билдирип жатканын айтты.
"Бул боюнча премьер-министр менен сүйлөшүп, ал уруксат берди. Жакын арада алардын эсебинен вакцина алууну көздөп жатабыз", — деди Бейшеналиев.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий иш сапары учурунда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр болуп, өлкө гуманитардык жардам иретинде 500 миң доза "Спутник V" вакцинасын бермей болгон.