"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси иштен кетти

Василий Дашков "Кыргыз темир жолуна" өткөн жылдын 11-апрелинде ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен жетекчи болуп дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "УК "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.
Пара менен кармалган райондук салык башкармалыгынын жетекчиси иштен алынды
Василий Дашков "Кыргыз темир жолуна" өткөн жылдын 11-апрелинде жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин мамлекеттик ишкананын жетекчисинин инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча орун басары болуп келген. Темир жолдо 2006-жылдан бери эмгектенип келет.