Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркечтам" бекеттери убактылуу жабылат

Мындай кадам Кытай тараптын демилгеси менен болууда. Транспорт каражаттарын өткөрүү 6-апрелден тарта жанданары маалыматта айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 3-апрелден 5-апрелге чейин кыргыз-кытай чегиндеги "Торугарт" менен "Эркечтам" постторунда жүк өткөрүү токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Мындай кадам Кытай тараптын демилгеси менен болууда.
"Кытайда салтка айланган өлгөндөрдү эскерүү күнү — Цинмин майрамына карата 2021-жылдын 3-5-апрель күндөрү "Торугарт – автожол" жана "Эркечтам – автожол" көзөмөл өткөрмө бекеттери жүк алып өтүүчүлөр үчүн убактылуу жабылат. Транспорт каражаттарын өткөрүү 6-апрелден тарта жанданат", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эки пункт тең өзгөчө алгоритм менен иштейт. Анда Кытайдан Кыргызстанга гана жүк өтөт.