Бир суткада 98 кишиден COVID табылып, бир бейтап көз жумду

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 88 374 киши вирус илештирген. Анын ичинен дарт 1 499 адамдын өмүрүн алган.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 98 адамдан коронавирус табылып, 86 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 88 374 киши вирус илештирген. Кечээтен бери коронавирус Бишкекте бир адамдын өмүрүн алып, өлүм учурларынын саны 1 499га жетти.
Айыккандар:
Коронавирус жуктургандардын ичинен 84 809 бейтап дартты жеңген. Азыркы тапта стационарларда 503 бейтап дарыланып жатса, 616 киши медициналык жардамды үй шартында алууда.