БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов парламентке Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотууну сунуштады.
Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында Калиеваны кызматтан убактылуу четтетүү жөнүндө президенттин сунушун күн тартибине киргизүүнү сурады.
Жогорку соттун төрайымынын иши
УКМК "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. Аны менен катар Калиевага да эки иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Ал эми Жогорку сот УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айтып келет.
Жыйынтыгында УКМК материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Ал орган Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясына сунуштама жиберген. Бул орган материалды карап чыгып, Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.