Грация жана сексуалдуулук. Көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнө чемпионатынан 15 сүрөт

Sputnik

Швециянын баш калаасы Стокгольм шаарында кызыктуу спорттордун бири, көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Буларда сөөк барбы? Көркөм гимнастика боюнча чемпионаттан 15 сүрөт
110-юбилейлик чемпионат 22-мартта башталып, 28ине чейин созулду. Эркектер жана кыз-келиндер жекелик түрдө, жуп-жуп болуп жана муз үстүндө бийлөө боюнча таймашышты.

Жекелик жарышта россиялык Анна Щербакова, Елизавета Туктамышева жана Александра Трусова тарыхта алгачкы ирет сыйлык берилүүчү орундардын баарын ээлешип, жаңы рекорд жаратышты.

Мелдештин катышуучулары калыстар менен көрүүчүлөрдү өзгөчө техникалары, артисттик чеберчилиги, ошондой эле эсте каларлык кооз костюмдары менен таң калтырууга аракеттенет.

Көркөмдөп муз тебүү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында эң эсте калган костюмдар боюнча Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

1 / 15
Франциялык фигуристка Клео Хамон жана анын теги украиналык шериги Денис Стрекалин Стокгольмда дүйнө чемпионатына катышууда. Жуптар Франциянын эки жолку чемпиону болуп саналат
2 / 15
Беларустук спортчу Константин Милюков кыска программада 16-орунга жетти. Бул көрсөткүч менен ал Токио Олимпиадасына жолдомо алды
3 / 15
Италиялык фигуристтер Николь Делла Моника менен Маттео Гуарисе дүйнө биринчилигинде өнөр тартуулап жатышат. Алар Италиянын 2016-2018-жылдардагы чемпиондору болуп саналат
4 / 15
"Спортчулар жупу" категориясында италиялыктар 186,5 балл алышып, сегизинчи орунга жайгашты
5 / 15
Америкалык муз тебүү чебери Брэди Теннелл 2018-жылдагы Олимпиада оюндарында (командалык жарышта) коло байге уткан. Быйылкы дүйнө чемпионатында сегизинчиде калды
6 / 15
Сүрөттө эки жолку (2014-жыл, 2018-жыл) Олимпиада чемпиону (жекелик жарышта), япон спортчусу Юдзуру Ханю. Ал эки жолу дүйнө чемпиону да болгон
7 / 15
19 жаштагы россиялык спортчу кыз Александра Трусова Стокгольм чемпионатында коло байге утту. Аны мурда Этери Туберидзе машыктырса, азыр ал Евгения Плющенконун колунда машыгууда
8 / 15
Россиялык муз тебүүнүн чеберлери Анастасия Мишина менен Александр Галлямов дүйнө чемпионатынын алтын байгесин жеңип алышты
9 / 15
Мурдагы шериктеринен ажыраган америкалык спортчулар Алекса Книрим менен Брэндон Фрейзер экөө өткөн жылдан бери чогуу катыша башташкан
10 / 15
Россиялык спортчулар Александра Бойкова менен Дмитрий Козловский Стокгольмдун музунда өнөрлөрүн тартуулап жаткан чагы. Бул жуп байгелүү үчүнчү орунду ээлешкен
11 / 15
Кытайлык спорттук жуптар Вэньцзин Суй жана Цун Хан кыска программаларын тартуулап жатышат. Спортчулар мелдеште күмүш медаль тагынышты
12 / 15
Япон фигурист кызы Рика Кихира кыска программаны аткарып жатат. Катышуучулар калыстар менен көрүүчүлөрдү өзгөчө техникалары, артисттик чеберчилиги, ошондой эле эсте каларлык кооз костюмдары менен таң калтырууга аракеттеништи
13 / 15
Немец фигуристтери Анника Хокке менен Роберт Кункель эркин программанын элементтерин аткарып жаткан учуру
14 / 15
Елизавета Туктамышева алты жылдык тыныгуудан соң дүйнө чемпионатында кыска программа аткарып жатат. Спортчу экинчи орунду ээлеп, 47 миң доллар акчалай байге утту
15 / 15
Япониялык фигуристтер Рику Миура жана Рюичи Кихар дүйнө чемпионатында кыска программа менен чыккан учуру. Миура менен Кихара жуптук бийлөө боюнча Япониянын чемпиону