Эл аралык дзюдо уюмунун президенти Мариус Визер Кыргызстанга келет

Делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзинин да болору күтүлүүдө. Алар Бишкекте өтүүчү Азия жана Океания чемпионатына катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эл аралык дзюдо федерациясынын (International Judo Federation) президенти Мариус Визер Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзинин да болору күтүлүүдө.
"Иш сапардын негизги максаты — Борбор Азиядагы дзюдо күрөшүн өнүктүрүү болуп саналат. Мындан сырткары, делегация 6-9-апрелде Бишкекте өтө турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына жана Кыргыз дзюдо академиясынын ачылышына катышат", — деп айтылат маалыматта.
Абройлуу коноктор Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаевдин чакыруусу менен келмекчи.
Эл аралык дзюдо федерациясы 1951-жылы июль айында түзүлгөн. Уюмдун баш кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.