Чүйдө талаага катылган Калашников автоматы табылды. Сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети табылган курал-жарак жана ок-дары тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн экенин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Чүй облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды
2 / 3
Билдирүүдө айтылгандай, жашырылган жерден табылган Калашников АК-47 үлгүсүндөгү автоматтын окторунун номерлери атайын өчүрүлгөн
3 / 3
Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат
Билдирүүдө айтылгандай, жашырылган жерден табылган Калашников АК-47 үлгүсүндөгү автоматтын окторунун номерлери атайын өчүрүлгөн.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, табылган курал-жарак жана ок-дары тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда УКМК бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.