Бишкекте сегиз айлык бөбөк COVID-19 жуктуруп алды

Адистин айтымында, өткөн суткада Бишкекте 48 учур катталып, анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте сегиз айлык баладан коронавирус аныкталды. Ага оору эжесинен жукканын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.
"Оорулуу менен байланышта болгондордун арасынан сегиз айлык бөбөк вируска кабылды. Анын эжеси илдетти жугузуп алганы ПЦР-тест аркылуу аныкталган. Ал эми наристеде клиникалык белгилер билине баштаганда текшерүүгө алынган. Учурда абалы канааттандырарлык, үйдө дарыланып жатат", — деди ал.
Ошондой эле адис өткөн суткада Бишкекте 48 учур катталып, анын ичинен 14 бейтап ооруканага жаткырылганын кошумчалады.
Бардыгы болуп Бишкекте жыл башынан бери 3 258 киши вирус илештирген. Алардын 1 989уна COVID-19 жугуп калганы ПЦР-тест аркылуу аныкталган.