Бишкектин мурдагы вице-мэри менен УКМКнын кызматкери кармалды

Жогорку кызматтагы адамдар башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюуга жана коррупцияга шектелип Бишкектин А.А. аттуу мурдагы вице-мэри жана УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн А.Ж. аттуу жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Айрым ЖМКлар укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып, А.А. деген мурдагы вице-мэр Азизбек Алымкулов экенин жазышууда. 2021-жылдын февраль айында ошол кездеги мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Алымкуловду иштен алган.
Бишкектин мурдагы вице-мэри Азизбек Алымкулов
Бюджет 100 млн. сомдой зыян тарткан. УКМК Маммүлктөгү коррупцияны ачыктады
Тергөөнүн версиясы боюнча, жогорку кызматтагы адамдар дагы башка кызматтагылар менен сүйлөшүп алып Бишкек шаарынын мэриясында иштегендерге басым жасаган. Алар жер участокторун тааныш адамдарына каттатууга аракет кылышкан.
Учурда тергөө амалдары уланып жатат.