Бишкекте той өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатат

Саламаттык сактоо министринин айтымында, борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу бийлик той жана үлпөт тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу "Биринчи радиого" саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында чечим кабыл алынат.
"Чечим бар, аны бүгүн кечке жуук же эртең жарыялайбыз", — деди Бейшеналиев.
Министр белгилегендей, борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет дагы ошого жараша чечим чыгат.