Эртең Бишкектин бир району жана бир нече конушунда суу болбойт. Тизме

"Бишкек суу канал" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Түндүк" суу тосмосундагы жана суу түтүктөрүн кышка карата оңдоо иштерине байланыштуу шаардын айрым бөлүгүндө эртең, 1-апрелде, 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бел, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары жана Чоң Чүй каналы аймактарына, анын ичинде төмөнкү даректерге таза суу убактылуу берилбейт:
Суу берүү убактылуу токтотулганына байланыштуу "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы төмөнкү даректерге жылуулук жана ысык суу үчүн электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотот:
"Бишкек суу канал" жана "Бишкек жылуулук энерго" ишканалары келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну камдап алууну өтүндү.