13 жаштагы кыздын зордукталышы. Тоңдо акталгандар кайра соттолду

Ысык-Көл облустук прокуратурасы 2020-жылдын 3-декабрында эки шектүүнү актап койгон Тоң районунун судьясын жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы боюнча Соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясына көрсөтмө жиберди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облустук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди күнөөлүү деп таап, экөөнү 15 жылга, дагы бирин 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-мартта, облустук сот Тоң райондук прокурорунун көрсөтмөсүн канааттандырып, шектүүлөрдү Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси ("Зордуктоо") менен күнөөлүү деп тапкан.
"Эки шектүүнүн ар бирине 15 жылдан берилсе, 7 жыл 6 айга кесилген кишинин жаза мөөнөтү узартылып, абакта 20 жылын өткөрмөй болду", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ысык-Көл облустук прокуратурасы 2020-жылдын 3-декабрында эки шектүүнү актап койгон Тоң районунун судьясын жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы боюнча Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясына көрсөтмө жиберген.
Ысык-Көл облустук сотунан билдиришкендей, үч кылмышкер жабырлануучуга моралдык зыян келтиргени үчүн ар бири 100 миң сомдон төлөп берет.
Милиция өспүрүм кыз 40 жаштагы кишиден төрөдү делген маалымат боюнча үн катты
Эске салсак, Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кара-Шаар айылында 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары айылдын эки 28 жаштагы жана 41 жаштагы тургуну кармалган.
Тергөөнүн жыйынтыктары Тоң райондук сотуна жиберилген. Мамлекеттик айыптоочу 28 жаштагы эки эркектин ар бирин 15 жылга, үчүнчүсүн 20 жылга кесүүнү суранган. Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында 2020-жылдын декабрь айында Тоң райондук соту эки шектүүнү күнөөсүз деп таап, үчүнчүсүн 7 жыл 6 айга кескен. Мындай чечим коомчулукта нааразычылыктарды жараткан.