Жапаров БУУнун өкүлү менен жолукту. Талкууланган маселелер

Жолугушууда Жапаров Кыргызстан демократиянын принциптерин аткара тургандыгын айткан. Наталья Герман БУУ өлкөдөгү процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУ баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда биргелешип кызматташуунун актуалдуу багыттары, өлкөдөгү коомдук-саясий процесстер жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча пикир алышуу болгон.
"Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөдө кырдаал туруктуу экенин, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп жатканын баса белгиледи", — деп жазылат маалыматта.
Өз кезегинде Наталья Герман БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерреш Борбордук Азия чөлкөмүндөгү, айрыкча, Кыргызстандагы процесстердин өнүгүшүнө кылдат байкоо жүргүзүп жатканын айтты. 
Мамлекет башчы Садыр Жапаров БУУ баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен жолугушту
Ал кыргыз тарапты эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте аргасыздан чет өлкөдө калган 79 баланы Ирактан кайтаруу боюнча гуманитардык операциянын ийгиликтүү ишке ашырылышы менен куттуктады.
"Наталья Герман берген маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү жылдын жайында "Нью-Йорктогу контртеррористтик жумалык" аттуу терроризмге каршы акция өткөрүү пландаштырылган. Анда Кыргызстандын өз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кеңири чагылдырылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгында Жапаров Кыргызстан демократиянын, адам укуктарынын принциптерин, ошондой эле өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин аткара турганына дагы бир ирет ишендирип, айтылган бардык маселелер боюнча активдүү кызматташууга даяр экенин кошумчалаган.