Күзүндө Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлөт

Иманалиев белгилегендей, июнда эгемендиктин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Ташкент шаарларында бирдиктүү концерттер өткөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 2021-жылы Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдиргенин мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Министрдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары учурунда эки өлкөнүн маданият министрлери 2021-2023-жылдарга маданият жаатындагы пландар тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан тышкары, спорт жана жаштар саясаты боюнча меморандум макулдашылган.
"Бул жолу биз пландарды ишке ашырууну талкууладык. Өзбекстандык кесиптешим менен ушул жылдын сентябрь айында Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүгө макулдаштык", — деди Иманалиев.
Маданият министри сентябрда маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстанда чоң иш-чара өткөрүү, ошондой эле Өзбекстандагы чоң театрга гастроль да пландалып жатканын кошумчалады.
Марипов Өзбекстандагы этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөттөр
"Биз Ташкентте Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жана Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын гастролу болот деп график түзгөнбүз. Мындан тышкары, май айынан тартып Өзбекстан менен чектешкен Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын драма театрлары жана филармониялары Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустарына гастролдоп чыгуусу пландаштырылууда", — деди министр.
Мындан тышкары, Иманалиев июнда эгемендиктин 30 жылдыгына карата Бишкек жана Ташкент шаарларында бирдиктүү концерттер өткөрүлөрүн айтты. Кино күндөрү да ушул жылы өтөрүн кошумчалады.