Ошто конок үйүндөгү бассейндеги сууга ууланды делип 7 бала ооруканага түштү

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Иликтөөнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында конок үйлөрдүн биринде жайгашкан бассейндеги белгисиз затка ууланган жети өспүрүм жана эки киши ооруканага түштү. Бул кабарды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, окуя 27-март күнү болгон. Саат 20:40тар чамасында Ош облустар аралык балдар ооруканасынан милицияга жаш балдар Ош шаарындагы бассейндердин биринде белгисиз затка ууланганы боюнча маалымат түшкөн. Ал Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн.
Кара-Сууда тамакка уулангандар. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкты
Шаар тургундары милицияга берген арызында, алар 27-март күнү түштө эс алууга бассейнге барып, саат 18:30дар чамасында чыгып кеткенин айткан. Үйүнө барганда ден соолугу начарлап, ооруканага кайрылышкан. Алар үйдө дагы, бассейнде дагы эч нерсе жебегендигин билдирген.
Бассейндин администратору сууну тазалоо үчүн хлор, химиялык зат кошуларын билдирип, балдар ичип алып ууланып калышы мүмкүн экенин билдирген. Далил буюм катары бассейнден эки литр суу алынган.
Ош облустар аралык балдар ооруканасына 39 жаштагы А.Н. аттуу жаран 18, 15, 10 жана бир жаштагы балдары менен кошо келген. Ал эми 37 жаштагы К.А. аттуу жаран 14, 13 жана алты жаштагы балдарын алып келген. Дарыгерлер алар ууланганын айтышкан.
Ош шаары жана Ош облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдиргендей, эч бир ооруканадан уулануу боюнча маалымат келип түшкөн эмес. Болгону сууда көп жүрүп суук өтүп калган болушу мүмкүн деген таризде маалымат айтылган. Учурда бассейнден алынган суу лабораторияга жөнөтүлдү.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери бул окуя боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатышат. Иликтөөнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек.