БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россиянын энергетика министринин орун басары Павел Сорокин "Комсомольская правда" гезитине берген маегинде мунай арзандап жаткан кезде бензиндин баасы эмнеге көтөрүлүп кетерин түшүндүрүп берген.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын башында Казакстан өзүнүн ички рыногундагы нефтинин көлөмүн көбөйтүү үчүн Кыргызстанга мунай продукцияларын экспорттоону токтоткон. Россия республикага унаанын бензинин ташыган жападан жалгыз тарап болуп калды. Россиядагы баалардын өсүшү Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасына таасир этүүдө.
Аткаминердин айтымында, Россияда күйүүчү майдын баасына үч фактор таасирин тийгизип жатат.
"Биринчиси — Россияда бензин рубль менен сатылат. Адатта эгер мунай кымбаттаса рубль күчтөнөт. Ошондуктан нефтинин баасынын дүйнөлүк рыноктогу өзгөрүүсү анын рубль боюнча баасына анча деле таасир этпейт. Негизи нефтинин бир челеги 3000 рублдан 3 500 рублга чейин кармалып келет. Бирок марттын орто ченинде мунай кымбаттаганы менен рублдин курсу өскөн жок. Мындан улам нефтинин бир челеги 5000 рублдан ашты", — деди Сорокин.
Ал ошондой эле бензинге болгон эки пайыздуу өсүү темпи инфляциянын көлөмүнөн айырмаланбай турганын белгиледи. Сорокиндин айтымында, эгер бензиндин баасы мунайдыкындай болуп улам өзгөрө берсе бизнес менен калктын кыжырын кайнатмак. Мындан улам бензиндин баасын кармап туруу үчүн демпфер механизми киргизилген.
"Үчүнчүдөн, бизнес чекене бааны төмөндөткүсү келбейт. Тилекке каршы, бул нерсе коммерциялык секторго мүнөздүү. Буга байланыштуу мунай арзандаса дагы бензиндин баасы кескин түшкөн жок", — деди Сорокин.
Министрдин орун басары өлкөдө жакынкы аралыкта бензин дефицити жаралбай турганын кошумчалаган.