Уяң жүндүү кой багуу учурда аксап турат. Анткени өлкөдө жүндү кайра иштетүү колго алынган эмес. Бул тууралуу Алмазбек Дооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жүндүн баасы 70 сомдун тегерегинде болуп жатат.
"Дүйнөдө жуулган жүндүн баасы 8-9 доллар. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч эки доллардан ашпай жатат. Буга чейин Австралия жүн өндүрүү боюнча алдыңкы орунда болсо, азыр Кытай озуп чыкты. Андан тышкары, Кытай эң көп жүн импорттоочу өлкө болуп саналат. Бул өлкө өзү өндүрүп, сырттан ташылып келген жүндү кайра иштетип дүйнөгө экспорттойт. Мурда Кыргызстанда өндүрүлгөн жүн өлкөдө кайра иштетилчү. Учурда мындай мүмкүнчүлүк жок. 2018-2019-жылдары эки миң тоннадан ашык жүн экспорттолсо, 2020-жылы бул көрсөткүч болгону 500 тоннаны араң түздү. Чек аралардын жабылышы, дүйнө жүзүндө экономиканын солгундашынан улам баа дагы түшүп кетти. Бирок өлкөдө кол өнөрчүлөр жүндү сырье катары колдонуучу болуп саналат. Башкача айтканда, ички талап бар. Ошондуктан бул багытта абдан чоң инвестиция салуу зарылдыгы жаралды. Андыктан кайра иштетип, өлкө ичинде эле 10 эсе кымбат сатса болот. Муну мамлекеттик деңгээлде колго алуу зарыл", — деди Дооронбаев.
Ошондой эле ал 1997-жылы меринос койду багуу боюнча ири долбоор ишке кирип, бирок натыйжа бербей калганын кошумчалады.