Кыргызстан былтыр 80 миң тонна темир-тезек саткан. Алган өлкөлөр

2019-жылы чет мамлекеттерге 17,1 миллион долларга 85,4 миң тонна кара металл сатылган. Ага салыштырмалуу былтыр сыртка темир-тезек азыраак чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстан кара металлдын 79,4 миң тонна калдыгын жана сыныгын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Эске салсак, жакында эле Кыргызстандын өкмөтү кара металлдын сыныктарын жана калдыктарын, кара металлдын куймасын Евразия экономикалык бирикмесинин бажы аймагынан сыртка ташып чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган.
Кыргызстандан темир-тезек сатып алган өлкөлөрдүн тизмеси:
Бардыгы биригип 21,2 миллион долларга бааланган.
2019-жылы сыртка 17,1 миллион долларга 85,4 миң тонна кара металл сатылганы айтылды.